АРАЛАШ ЖЕР СЕМИРТКИЧ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:20, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (10)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРАЛАШ ЖЕР СЕМИРТКИЧ – эки же андан көп сиңимдүү заты бар кошулма. Курамындагы негизги азык заттардын өз ара катышы (N: Р205: К20) ар түрдүү жер семирткич өсүмдүк жана топурактын түрүнө жараша ар башка бо­лот. Чымдуу күл топурак, токой боз топурагы жана кара топурактуу жерде картошка, дан өсүмдүктөрү жана кант кызылчасына 11: 1,55: 1; жайында азот менен кошумча азыктандырылуучу жашылча жана силос өсүмдүктөрүнө, о. эле күздүк жана жаздык эгин, картошка, зыгырга 1:1,5:1,5; калийлүү топуракта өскөн көп өсүмдүктөргө 1:1:0; калий жетиштүү топурактагы пахтага айдоо мезгилинде жана себүү алдында, о. эле дан, жашылча жана тех. өсүмдүктөрдү себүү алдында 1,5:2,5:0 жана 1:4:0; түрдүү өлчөмдөгү фосфат жана калийлүү топурактардын өсүмдүктөрү, кызылча, картошкага 1:1:1,5; чым көңдүү топурак­тагы чанактуу өсүмдүктөр үчүн, о. эле күздүк, жаздык эгин, жашылчага 0:1:1 жана 0:1:1,5 катышта чачылат. А. ж. с-ти микроэлемент, герби­цид кошуп даярдоого болот. А. ж. с. чубурма ке­лип, чондугу бирдей болууга тийиш. Аны даярдоодо жер семирткич аралаштыруу эрежесин сак­тоо зарыл.