АНТРОПОХОРИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:09, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (3), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (3)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНТРОПОХОРИЯ (антропо... жана гр. choreo - таралуу) – өсүмдүк диаспораларынын адамдын иш аракети аркылуу таралуусу. А. жолу менен таралуучулар антропохорлор деп аталып, аларга көбүнчө отоо чөптөр ж. б. өсүмдүктөр кирет. Алар сугат суулары, кык жана үй жаныбарлары аркылуу; транспорт каражаттары (агестехория) жана а. ч. техникалары менен жер­ди иштетүүдө (э р г а з и о х о р и я), о. эле себүү учурунда үрөн менен (спейрохория) таралат. Бул эң байыркы маданий өсүмдүктөрдүн (буудай, күрүч, зыгыр) табигый тандалышына алып келген. А-га, о. эле адам аркылуу таралган бардык өсүмдүктөр, алардын ичинде эгилме өсүмдүктөр да кирет.