АНТАНАНАРИВУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:03, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (6)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНТАНАНАРИВУ (Antananarivo), Тананариве – Мадагаскар Респ-нын борбор шаары жана аты окшош провинциянын адм. борбору. Калкы 1,3 млн (2019). Бийик платодо (1240– 1470 м бийиктикте), Мадагаскар а-нын борб. бөлүгүндө үч дөбө жайгашып, бири-бири менен тешкен тоо жана тепкичтер аркылуу катташат. Жолдор тоому жана темир жол түйүнү. Ивату эл аралык аэропорту иштейт. 17-к-дын 1-жарымында негизделген. 19-к-дын аягына чейин Мадагаскар королдугунун резиденциясы. 1890- 1960-ж. Мадагаскар франция ээлигинин адм. борбору болгон. 1960-жылдын июнунан көз карандысыз Малагаси Респ-нын, 1975-жылдын декабрынан Мадагаскар Демокр. Респ-нын, 1992- жылдын сентябрынан Мадагаскар Респ-нын борбору. Өнөр жай кварталдары шаардын түндүгүндө, батышында жана чыгышында жайгашкан, турак жай кварталдары дөбөлөрдүн капталдарында отурукташкан. А. – өлкөнүн экон., адм., финансы жана соода борбору. Тамак-аш, булгаары, жеңил, жыгаччылык, полигр. өнөр жайлары, автомобиль кураштыруучу з-д, курулуш материалдар өндүрүшү иштейт. «Цимбазаза» ботан. багы бар. Ун-т (1961), ИА (1902), улуттук китепкана (1961), архив (1958), тарых (1897), искво жана археология музейлери, театрлар иштейт.