АНДАБЕКОВ Сейитказы

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:56, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (3), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНДАБЕКОВ Сейитказы (18. 10. 1925, Нарын обл., Ат-Башы р-ну, Каракоюн өрөөнү, Кара-Булак кыштоосу – 23. 12. 2015, Бишкек ш.) – артист, Кыргыз ССР эл артисти (1984), Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу. 1946-жылдан Нарын обл. музыкалык драма театрында, 1949-ж. ал театр жабылып калганына байланыпггуу Ысык-Көл обл. драма театрында, 1961-жылдан кайрадан Нарын обл. драма театрында эмгектенген. Образдарды жаратууда таасирдүү терендикти таап, жөнөкөй, жеткиликтүү бере алган. Аткарган негизги ролдору: Хуан Цуан (Ж. Турусбеков, «Ажал ордуна»), Аккан, Мамалак (К. Жантөшев, «Курманбек», «Шайтан кыз»), Кулан (К. Маликов,

АНДАБЕКОВ 1 81.png

«Жаңыл»), Чиновник (Н. Гоголь, «Үйлөнүү»), Чаар солдат (В. Вишневский, «Оптимисттик трагедия»), Ташбалта (Г. Гулям, «Ташбалта ашык»), Жарас (М. Ауэзов, «Айман-Шолпан»), Мергенчи Мажит (Б. Өмүралиев, «Жаңырык»), Шүкүр балбан, Байков (Ж. Садыков, «Боз торгой», «Жукеев Пудовкин»), Чыныбай (Т. Абдымомунов, «Ашырбай»), Бобчинский (Н. Гоголь, «Текшерүүчү»), Токторбай (К. Мамбетакунов, «Үкөй»), Кожо Насирдин (В.В. Соловьев, «Кожо Насирдин»), Глостер (У. Шекспир, «Король Лир»), Сабыр (А. Жакшылыков, «Көкөй кести») ж. б. С. Андабеков көптөгөн ролдорду аткаруу менен бирге обончу-аткаруучулук өнөрүн да элге тартуулап, концерт берген. «Кыздарай», «Кылпылдама», «Сулуу кыз», «Акежан», «Беккара», «Там башында», «Карылардын дуэти» ж. б. тамашалуу ырларды К. Карасартова менен бирдикте ырдаган. Ыр-бий дуэттерин чебер аткарып, кыргыз, казак, уйгур, өзбек элдеринин сүймөнчүлүгүнө ээ болгон. I даражадагы Ата Мекендик согуш ордени, III даражадагы «Манас» ордени жана медалдар менен сыйланган.