АНАРКУЛОВ Хабибулла

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:52, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНАРКУЛОВ Хабибулла (1943-ж. т., Өзбекстан Республикасы, Анжыян обл.) – педагог, педагогика илимдеринин доктору (1994), проф. (1996). КРдин эмгек сиңирген машыктыруучусу. Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтун бүтүргөн (1969). Ушул эле институтта окутуучу, кафедра башчысы, 1996-жылдан проф. Самбо, дзюдо, эркин күрөш, улуттук күрөш б-ча жогорку категориядагы судья, СССРдин спорт чебери. Жалпы педагогика жана спорт педагогикасы б-ча адис. 100дөн ашуун илимий методикалык эмгектерди, мис., «Кыргыз эл оюндары» (1991), «Ала-Тоонун балбандары» (1989) ж. б. басылмаларды жарыялаган.