АМОНАШВИЛИ ШАЛВА АЛЕКСАНДРОВИЧ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:46, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (2), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АМОНАШВИЛИ Шалва Александрович (8. 5. 1937-ж. т., Тифлис) – грузин педагогу. Балдарды алты жаштан баштап мектеп шартында окутуунун демилгечиси. Башталгыч билим берүүнүн жалпы мазмунун, формаларын жана методдорун аныктоо багытында эксперимент жүргүзгөн жана анын натыйжаларын «Саламатсыңарбы, балдар!» (1983), «Алты жаштан мектепке» (1986), «Кандай өмүр кечирип жатасыңар, балдар?» (1986), «Педагогикалык процесстин инсан таламдуу негиздери» (1990) аттуу эмгектеринде корутундулаган. Ал мектептеги 5 баллдык системага, балдарды бири-бирине салыштырып кароо сыяктуу салттуу ыкмаларга тескери мамиледе болгон. Балдардын энергиясын жемиштүү иш-аракеттерге багыттоо б-ча педагогдор үчүн сунуш, кеңештерди иштеп чыккан. Ш. Амонашвилинин пед. көз караштары, идеялары Кыргызстанда да кеңири белгилүү. Ал республиканын пед. коомчулугунун өкүлдөрү менен тыгыз кызматташуу максатында бир нече жолу Кыргызстанга иш сапары менен келип, мугалимдер үчүн лекция, семинарларды өткөргөн, айрым аспиранттардын диссертациялык изилдөөлөрүнө жетекчилик кылган.