АЛЖАМБАЕВ Стам

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:03, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛЖАМБАЕВ (1888, Ысык-Көл обл., Тоӊ р-ну, Жер-Үй айылы ‒ 1950, Жети-Өгүз р-ну, Саруу айылы) ‒ педагог, алгачкы айылдык советтик мектептерди уюштуруучулардан жана тунгуч мугалимдерден. 1911-ж. мугалимдик курсту Уфа шаарынан бүтүргөн. Эмгек жолун Тоӊ болушундагы өзү уюштурган медреседен баштаган. 1916-ж. Үркүндөн кийин окутуучулук ишин жаӊы шартта уланткан. 1919‒23-ж. айылындагы мектепте, 1923‒24-ж. Каракол шаарындагы мугалимдерди даярдоочу курста эмгектенип, 1-муундагы советтик кыргыз жаштарын тарбиялоого жана окутууга активдүү катышкан. Жети-Өгүз районунун Чычкан (азыркы Жеӊиш) айылында башталгыч мектебин курдурган. Малчылардын балдары үчүн башталгыч мектепти уюштуруп (1946‒48), аны жетектеген. Үзүрлүү эмгеги үчүн 1949-ж. Ленин ордени менен сыйланган.