АЛДЫНКЫ БАКАЛООРДУУЛАР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:00, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛДЫҢКЫ БАКАЛООРДУУЛАР (Prosobranchia) ‒ моллюскалар тибиндеги курсак буттуулар классынын өкүлдөрү. Алар 3 түркүмгө бөлүнөт. Чоӊдугу бир нече ммден 20 смге чейин жана раковинасынын салм. 2 кгга жетет. Бакалоору же өпкөсү менен дем алат. Айрым жыныстуу, кээси гермафродит. Көптөгөн түрү жумуртка, айрымдары тирүү тууйт. Булар деӊизде, дарыяда жана кургактыкта жашоого ыӊгайланышкан. Айлана-чөйрөнүн тийгизген таасиринен жерде-сууда жашоочу түрлөрү да пайда болгон. А. негизинен детрит, көп түрү жырткычтар (былпылдактар, ичеги көӊдөйлүүлөр, ийне терилүүлөр ж. б.), айрымдары мителер. Байыртадан эле булардын мүйүз кабыгынан (раковинасынан) кооз нерселер жасалган, өзү боёк, дары катары колдонулган. Көп түрлөрүн (Франция, Япония, Корея, Кытай ж. б.) тамак-аш катары колдонушат. Кээ бир түрлөрүн Африка, Индия, Америка ж. б. өлкөлөрдө акча катары пайдаланышкан. Кээ бири адамдын жугуштуу оору козгогучтары.