АССИМИЛЯЦИЯ (геологияда)

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:48, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АССИМИЛЯЦИЯ [assimilatio ‒ окшоштук, кейиптенүү] г е о л о г и я д а ‒ магма м-н анын айлана-чөйрөсүндөгү тоотектердин өз ара аракеттенишүү (эрүү, эритүү, сиӊирүү ж. б.) процесси. Магма жогору көтөрүлгөндө, жанаша жаткан тоотектерди ж-а магмага түшкөн алардын бөлүкчөлөрүн бүт же жарым-жартылай эритип, өзүнүн курамын, д. у. с. касиеттерин өзгөртөт. Ошондой эле жанаша жаткан тоотектер өзгөрүүлөргө учурап, алардан жаӊы тек келип чыгат. Кээде тоотектин кесек бөлүкчөлөрү магма м-н аралашып, ксенолитти (чоочун ташты) пайда кылат.