АКМОЛДОЕВА Шайлообүбү
Jump to navigation
Jump to search
АКМОЛДОЕВА Шайлообүбү Бородоевна (11. 3. 1950‑ж. т., Ысык‑Көл обл., Ак‑Суу р‑ну, Маман айылы) – философия илимд. доктору (1998). 1972‑ж. Казак мамл. ун‑тинин философия ф‑тин бүтүргөн. 1973–78‑ж. КМДТИда, 1979–91‑ж.
КМУУда философия кафедрасында улук окутуучу, доцент, 1991‑ж. культурология б‑ча кафедра башчысы, 1992–93‑ж. философия ф‑тинин деканы, 1994–96‑ж. улук ил. кызматкер, социология жана культурология кафедрасында доцент болуп иштеген. Философия тарыхы, маданияттаануу, манастаануу тармактары б‑ча адис.
Эмг.: Древнекыргызская модель мира (по материалам эпоса «Манас») Б.,1996; Духовный мир древних кыргызов. Б., 1998.