АДИСТЕШТИРИЛГЕН СПОРТ КЛУБУ
АДИСТЕШТИРИЛГЕН СПОРТ КЛУБУ – бир нече спорттун түрү б‑ча жаштарды тарбиялап, машыктыруучу уюм. Кыргызстанда‑нда алгачкылардан болуп ат спорту б‑ча респ. спорт мектеби Бишкек ш‑нда 1952‑ж. ачылган. Эң жакшы спорт базасы – жабык манежи, эки машыгуу талаасы, спорт залы, 800 аттык сарайы бар. Бул мектептен Н. Огородникова жана С. Мурсалимов, А. Блинов сыяктуу атактуу спортчулар чыккан. Футбол б‑ча респ. балдар, уландар үчүн спорттук олимпиялык резервдер мектеби (Бишкек ш.) 1970‑ж. түзүлгөн. Анда учурдун талабына жооп берген 3 чоң футболдук аянтча, атлетикалык зал бар. Мектепте иштеген Кыргызстанндын эмг. сиң. машыктыргычтары – Р. И. Бибаев, И. 3. Карабаджак, Ю. И. Мусаев, Г. Ф. Мерзликин ж. б. Бул мектепте тарбиялангандардан эң атактуусу С. Фокин, Д. Калашников ж. б. Мектептин азыркы мезгилдеги жетекчиси М. Кошалиев. Оор атлетика б‑ча олимпиялык резервдерди даярдоочу балдар‑өспүрүмдөр спорт мектеби (Бишкек ш.)– оор атлеттердин негизги борбору. Бул мектептен тарбия алгандардан К. Осмоналиев, С. Ли, У. Молдодосов, М. Шарипов ж. б. 2005‑ж. Кыргызстанда 92 спорт мектептери иштейт, алардын он экиси олимпиялык резервди даярдоо мектеби болуп саналат.