АВАНЕСОВ Рубен Иванович

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:31, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АВАНЕСОВ Рубен Иванович [1 (14). 2. 1902, Нагорный Карабах, Шуша ш. - 1. 5.1982, Москва] - орус тилчиси, СССР ИАсынын корр. мүчөсү (1958). СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1971). Москва фонологиялык жана лингвистикалык, география мектептерин негиздөөчүлөрдүн бири. Москва мамлекеттик университетин бүтүргөн (1925). 1944-жылдан СССР ИАнын Орус тили институтунда, ошондой эле Москва мамлекеттик университетинде эмгектенген. Тарыхый жана баяндама фонетика, фонология, орус диалектологиясы, орус тилинин тарыхы, орус орфоэпиясы менен орфографиясы б-ча илимий эмгектери бар.