АРЫНБАСАРОВА Наталья Өтеул кызы

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:49, 1 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Mariya (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРЫНБАСАРОВА Наталья Өтеул кызы (24. 9. 1946-ж. т., Москва ш.) – киноактриса, РСФСРдин эл артисти (1998), Казакстандын эмгек сиңирген артисти. Москва хореография окуу жайын (1964), ВГИКтин актёрлук факультетин (1974) бүтүргөн. Кино ишмердигин кыргыз фильмдеринде тартылуу м-н баштаган. «Биринчи мугалим» (реж. А. С. Михалков-Кончаловский, 1965) кинофильминде Алтынайдын ролун чоң драматизм м-н психологиялык кылдаттыкта ойногон (Венецияда эл аралык кинофестивалдын сыйлыгын алган). «Жамийла» (реж. И. Поплавская, 1969), «Эски тегирмен» (реж. Ү. Ибрагимов, 1972), «Улан» (реж. Т. Океев, 1977) ж. б. фильмдерине тартылган. Н. Арынбасарова СССР Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты (1978).