АРНОО ЫРЛАРЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:48, 1 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРНОО ЫРЛАРЫ – жеке бирөөгө же окуяга арналган чыгарма. Кыргыз адабиятынын тарыхында арноо мүнөзүндөгү чыгармалар көп кездешет. Токтогулдун «Бүркүтчү Мамыр жөнүндө», «Айчеке балбан жөнүндө», А. Токомбаевдин «Таланттын жылдызы» (А. С. Пушкин), «Алишер Навои» сыяктуу ырлары, Улуу Ата Meкендик согушта курман болгондорго арналган М. Абылкасымованын «Эстелик сүйлөйт» поэмасы мисал боло алат. Эгемендүүлүккө ээ болгондон кийин тарыхый инсандарга, эл депутаттарына, ишкерлерге ж. б. арналган чыгармалар жазылып, жарык көрүүдө.