АНАНД Вишванатан

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:49, 24 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНАНД Вишванатан (11.12.1962-ж.т., Мадрас) – индиялык шахматчы, эл аралык гроссмейстер (1988). ФИДЕнин дүйнөлүк чемпиону (2000), жаштар арасындагы мелдештин жеңүүчүсү (1987). 1991-жылдан дүйнөлүк мелдештердин катышуучусу. 1995-ж. Г. Каспаровго утулган (Нью-Йорк). Көптөгөн Эл аралык мелдештердин [Реджо-нель-Эшилия (1991–92), Линарес (1992 ж-а 1998) ж. б.] жеңүүчүсү. Дүйнө кубогунун (Кытай, 2000) ж-а эң мыкты шахматчыга ыйгарылуучу «Оскар» сыйлыгынын (1997, 1998, 2003 ж-а 2004) ээси. Москва (1994), Монако (1994), Женева (1996) ж. б. шаарларда өткөн тез ойнолуучу шахмат б-ча мелдештердин жеңүүчүсү.