АНАРКУЛОВ Хабибулла

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:27, 18 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Mariya (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНАРКУЛОВ Хабибулла (1943-ж. т., Өзбекстан Республикасы, Анжыян обл.) – педагог. Педагогика илимдеринин доктору (1994), проф. (1996). КРдин эмгек сиңирген машыктыруучусу. Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтун бүтүргөн (1969). Ушул эле институтта окутуучу, кафедра башчысы, 1996-жылдан проф. Самбо, дзюдо, эркин күрөш, улуттук күрөш б-ча жогорку категориядагы судья. СССРдин спорт чебери. Жалпы педагогика ж-а спорт педагогикасы б-ча адис. 100дөн ашуун илимий методикалык эмгектерди, мис., «Кыргыз эл оюндары» (1991), «Ала-Тоонун балбандары» (1989) ж. б. жарыялаган.