АНДРИАНОВ Кузьма

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:01, 10 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНДРИАНОВ Кузьма Андрианович [15 (28). 12. 1904, Твер губ., Кондраково айылы – 13. 3. 1978 Москва] – орус химиги, СССР И Анын академиги (1964; мүчө-корр. 1953). Соц. Эмг. Баатыры (1969). Москвадагы энергетика ин-тунун проф. (1946). Москва ун-тин бүткөндөн кийин (1930), Бүткүл союздук электр тех. ин-тта (1929-54), Бүткүл союздук авиац. материалдар ин-тунда (1946-53), СССР ИАнын элементорг. бирикмелер ин-тунда (1954-жылдан) ж-а Москвадагы кылдат хим. технология ин-тунда иштеген. Анын негизги эмгеги кремний орг. бирикмелердин химиясына ж-а синтездөөгө арналган. Ал орг. эмес чынжырлуу молекуласы бар жаңы полимерлерди, кремний тетрохлоридин синтездөөнүн өнөр жайлык методун ж-а полиорг. металл силоксандарды (1947) синтездөөнүн негизги жолун иштеп чыккан. А. СССР Мамл. 1943,1946,1950, 1953) ж-а Ленин сыйл. (1962) лауреаты. Эмг.: Высокомолекулярные кремнийорганнческне соединения. М., 1949. Кремнийорганические соединения. М., 1955. Полимеры с неорганическими главными цепями молекул. М., 1962.