АНДАБЕКОВ Эрназар

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:53, 10 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
АНДАБЕКОВ Эрназар (1905, Жалал-Абад обл., Аксы р-ну, Кырк-Кечүү айылы – 1957, ошол эле
АНДАБЕКОВ 82.png

жерде) – малчы, Соц. Эмг. Баатыры (1948). Колхозду уюштурууга активдүү катышкан. 1937-жылдан Жаңы-Жол р-нундагы «Партизан» колхозунда жылкычы болуп иштеген. Колхоздун жылкы чарбасын өнүктүрүүдө ж-а анын кунардуулугун жогорулатууда зор ийгиликтерге жетишип, 1946-ж. 50 тубар бээден 50 кулун, 1947-ж. 56 тубар бээден 56 кулун алып, чыгашасыз асыраган. Ленин ордени м-н сыйланган.