АНАНЬЕВ Константин Николаевич
Jump to navigation
Jump to search
АНАНЬЕВ Константин Николаевич [14.7.1910, т., РФ, Симбирск (Ульяновск) ш. - ө.ж.б.)] – байланыш системасынын новатору, Соц. Эмг. Баатыры (1956). А. 1933-жылдан Кыргызстандагы байланыш системасында иштеп, радиотехниктен Кыргыз ССР байланыш министринин орун басарына чейин көтөрүлгөн. Ал жетекчилик
кылган Кыргызстандагы байланыш кызматкерлеринин тобу тоолуу жердеги радиореле магистралын кеңейтүүдө ж-а телекөрсөтүүнү жакшыртууда кыйла эмг. сиңирген. Топтун демилгеси м-н Советтер Союзунда 1-жолу телефон байланыштарын аба аркылуу жүргүзүү иши уюштурулган. Ленин ордени, Эмгек Кызыл Туу, Кызыл Жылдыз, 2 «Ардак Белгиси» ордендери ж-а медалдар м-н сыйланган.