АНАНЬЕВ Константин Николаевич
Jump to navigation
Jump to search
АНАНЬЕВ Константин Николаевич [14.7.1910-
т., РФ, Симбирск (Ульяновск) ш. ] – байланыш системасынын новатору, Соц. Эмг. Баатыры (1956). А. 1933-жылдан Кырг-ндагы байланыш системасында иштеп, радиотехниктен Кыргыз ССР байланыш министринин орун басарына чейин көтөрүлгөн. Ал жетекчилик
кылган Кырг-ндагы байланыш кызматкерлеринин
тобу тоолуу жердеги радиореле магистралын кеңейтүүдө ж-а телекөрсөтүүнү
жакшыртууда кыйла эмг.
сиңирген. Топтун демилгеси м-н Советтер Союзунда 1-жолу телефон байланыштарын аба аркылуу жүргүзүү иши уюштурулган. Ленин ордени, Эмгек Кызыл Туу,
Кызыл Жылдыз, 2 «Ардак Белгиси» ордендери
ж-а медалдар м-н сыйланган.