АЙТБАЕВ Таштемир
17:33, 8 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Kerimova-59 (Талкуулоо | салымдары) (Kerimova-59 moved page АЙТБАЕВ to АЙТБАЕВ Таштемир) тарабынан жасалган версия
АЙТБАЕВ Таштемир Сыдыгалиевич (27.11.1943‑ж.т., Нарын обл., Ак‑Талаа р‑ну, Тоголок Молдо айылы) – генерал‑лейтенант (2000). Москвадагы Бауман атн. тех. жогорку окуу жайын (1967), Алматы Жогорку парт. мектебин (1981) бүткөн. 1961–62‑ж. Москва ш-ндагы И. А. Лихачев атн. з‑ддо слесарь‑ширетүүчү, 1967–82‑ж. Кыргыз ССР жерг. өнөр жай министрлигинин пластмасса буюмдар з‑дунда улук конструктор, башкы технолог, комсомолдун Свердлов райкомунун экинчи, Биринчи май райкомунун биринчи, Кырг‑н ЛКЖС Бишкек шааркомунун 2‑секретары, Кырг‑н ЛКЖС БКнын инструктору, үгүт‑насыят б‑ча секретары, 1‑секретары,1982‑86‑ж. СССР Мамл. коопсуздук к‑тинин улук инспектору, Кыргыз ССР Мамл. коопсуздук к‑тинин төрагасынын орун басары, 1‑орун басары, 1986‑95‑ж. Кырг‑н КП Ош обкомунун өнөр жай‑транспорт, социалдык‑экономика бөлүмдөрүнүн башчысы,
Ош облустук элдик контроль к‑тинин төрагасынын милдетин аткаруучу, Кырг‑н КП Нарын обкомунун 1‑секретары, Кырг‑н КП БКнын секретары, «Кыргызавтосервис» мамл. акционердик коомунун генералдык директорунун орун басары, вице‑президенти, 1995–99‑ж. КРдин Ички иштер министринин орун басары, 1999–2000‑ж. КРдин Улуттук коопсуздук министри, 2000–02‑ж. КРдин Ички иштер министри, 2002–05‑ж. КРдин Юстиция министринин орун басары, 2005–06‑ж. КРдин Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы, 2006‑жылдан «Кыргызпромкурулушбанк» ачык акционердик коомдун төрагасы. Кыргыз ССР Жогорку Советинин 3 жолку депутаты (1975–90). «Ардак Белгиси» ордени м‑н сыйланган.