АЛЫМКУЛОВ Келдибай

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:03, 1 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
АЛЫМКУЛОВ Келдибай (11.1.1943-ж. т., Ош  обл., Ноокат р-ну, Герей-Шорон айылы) – математик, физика-математика илимд. доктору (1991), проф. (1998). КМУну (1964), Кыргыз ССР  ИАнын аспирантурасын (1969) бүтүргөн. Орто мектепте мугалим, КР УИАнын Математика  ин-тунда улук инженер, ил. кызматкер, лабор. башчысы, «Дастан» ун-тинде проф., ОшМУда проф. болуп иштеген (1999). Дифференциалдык теңдемелер б-ча адис. 70тен ашык ил. эмгеги, 1 монографиясы жарык көргөн. Эмг.: Возмущенные дифференциальные уравнения  с особыми точками и некоторые проблемы бифуркационных задач. Б., 1992.