АЙДАРБЕКОВ Курманкул
Jump to navigation
Jump to search
АЙДАРБЕКОВ Курманкул [1916, Чүй обл., Кант (азыркы Ысык‑Ата) р‑ну, Жер‑Казар кыш. - 1974, ошол эле жерде] – механизатор, Соц. Эмг. Баатыры (1965).
Эмгек жолун 1929‑ж. Кант р‑нундагы «Алга» колхозунда катардагы колхозчу болуп иштөөдөн баштаган. Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу. 1944‑56‑ж. ошол эле колхоздун кой фермасынын башчысы, 1956‑63‑ж. кант кызылчасын өстүрүүчү комплекстүү механикалаштырылган бригаданын звено башчысы, 1963‑жылдан бригадир. Ал башкарган бригада кант кызылчасын өстүрүүдө мыкты ийгиликтерге жетишип, 1964‑ж. 280 га жердеги кант кызылчасынын ар гектарынан 454 цден, 1965‑ж. 310 га жердин ар гектарынан 518 цден түшүм жыйнап алган. 196775‑ж. Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты. Ленин ордени м‑н сыйланган.