АККРА
Jump to navigation
Jump to search
АККРА – Гана Республикасынын борбору, өлкөдөгү эң чоң шаар. Калкы 2,3 млн (2018). Гвинея булуңундагы порт. Темир ж‑а автомобиль жолдор тоому, эл аралык аэропорту бар. Өлкөнүн соода, өнөр жай ж‑а маданий борбору. Металл иштетүү, текстиль, тактай тилүү, тамак‑аш өнөр жайлары; электр жабдууларын чыгаруучу з‑д иштейт. Кустардык жол м‑н алтын ж‑а күмүш буюмдары жасалат. Алмаз ж‑а какао‑буурчак сатуучу рынок. Ун‑т, ИА, Улуттук, илим м‑н техника музейи бар. А. 16‑к‑да негизделген. 1876‑жылдан 1957‑ж. чейин Алтын жээктин резиденциясы, европалыктардын о. кылымдагы форту болгон.
мөөнөттө алуу үчүн алуучунун аты жазылып, укугун күбөлөндүргөн баалуу кагаз; 2) милдеттенмелер аткарылгандан кийин товар, иш аткаргандык же кызмат көрсөткөндүк үчүн токтоосуз төлөм алууга мүмкүндүк берүүчү банк эсебинин түрү; ишканалар м‑н уюмдардын ортосунда акчасыз эсептешуүнун түрү катары, о. эле коммерциялык операциялар б‑ча эл аралык эсептешүүдө пайдаланылат. Негизги түрлөрүнө акчалай ж‑а товардык (документтүү) А. кирет.