АВРЕЛИЙ Марк

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:25, 29 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата Kerimova-59 (Талкуулоо | салымдары) (Created page with "'''АВРЕЛИЙ''' Марк (26. 4. 121, Рим –17. 3. 180, Виндобона, азыркы Вена) – 161-жылдан Рим императору, философ,...") тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АВРЕЛИЙ Марк (26. 4. 121, Рим –17. 3. 180, Виндобона, азыркы Вена) – 161-жылдан Рим императору, философ, стоицизм өкүлү. Претор Анний Вердин уулу, Анто­нин Пийдин асыранды баласы. Римде импера­тор Адрианга жакын чөйрөдө чоңойгон. Ички саясатында бюрократтык аппаратты ж-а мыйзам чыгарууну тартипке келтирүүгө умтулган. 162–166-ж. парфиялыктарга каршы жүргүзгөн согушу Арменияда протекторатын калыбына келтирүү ж-а Месопотамияны басып алуу м-н аяктайт. 166–180-ж. Дунай боюндагы провинцияларга кирип келген германдыктар м-н сарматтарга каршы согуш (Маркоманн согушу) жүргүзөт. Тынымсыз согуштар империяны начарлатып, элдин жакырданышына, эпидемиялардын күч алышына алып келген. Стоиктер мектебинин жактоочусу катары таанылган А. «Өзүм м-н өзүм» аттуу филос. чыгармасында адамдагы моралдык сапаттарды өөрчүтүүгө умтулуп, ал эми саясий түзүлүштү өркүндөтүү мүмкүн эместигин белгилеген.