АЛЫМКУЛОВА Гүлшат

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:23, 9 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата new2022>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
(1921, Чүй обл., Сокулук р-ну, Белек айылы -2006, Бишкек) –   врач-терапевт, “элдик врач”.   Эл комиссариатынын  фельдшердик окуу жайын (1938), КММИни  (1948) бүтүргөн.  Эмгек жолун  Жалал-Абад обл-нун Ала-Бука р-ндук амбулаториясында  фельдшер болуп баштаган, 1939-42-жж.  р-ндун  саламаттык сактоо бөлүмүнүн  башчысы  болгон.  1948-жылдан Нарын ш-ндагы  мед. окуу жайыныны  директору, 1949-ж-дан Тянь-Шань  обл-нун  р-ндук ооруканасында  башкы врач.  1953-86-ж-дары  Фрунзе ш-ндагы №1 клиникалык  ооруканасында   врач болуп иштеген. 1986-ж. ардактуу эс алууга чыккан.  Анын иштеген иштеринин көрсөткүчтөрү  жогору болуп, өлүм саны жылдан  жылга азайган.