АКАЕВ Кубаныч
23:07, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (Kadyrm moved page АКАЕВ to АКАЕВ Кубаныч without leaving a redirect) тарабынан жасалган версия
Кубаныч (7. 9. 1919, Чүй обл., Кемин р‑ну, Кызыл‑Суу айылы – 19. 5. 1982, Бишкек) акын, КРдин мад‑тына эмг. сиң. кызматкер (1979). Кыргыз мамл. педин‑тун бүтүргөн (1939). 1939‑41‑ж. «Кызыл Кыргызстан», «Кыргызстан пионери» гезиттеринин, респ. «Адабият жана искусство» журналынын адабий кызматкери, 1942‑47‑ж. Кыргыз радиосунда адабийдрама бөлүмүнүн жооптуу редактору, Бишкектеги хроника‑документ фильмдер студиясында башкы редактор, 1947‑52‑ж. Кыргызмамбастын көркөм ад‑т редакциясында редактор болуп иштеген. 1938‑жылдан ырлары респ. гезит‑журналдарга чыга баштаган. Жыйнактары: «Жылаажын» (1941), «Тоо ыры» (1942), «Салют» (1943), «Бакыт жөнүндө баян» (1945), «Эмгек шаңы» (1950), «Сүйүү жана мара» (1958), «Бакыт гимни» (1960), «Өлбөстөр баяны» (1964), «Турмуш дастаны» (1967), «Сүйүү жарыгы» (1969), «Кыял канаты» (1971), «Ырым – адам» , «Кубаныч» (1979), «Майрам» (1981),
«Жүрөк күүсү» (1983) ж. б. Анын поэзиясына атуулдук публ. бийик маанай мүнөздүү. Акындын бир нече жыйнактары орусчага которулуп басылган. «Ардак Белгиси» ордени ж‑а медалдар м‑н сыйланган.