АСАНОВА Динара Кулдашевна

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:49, 4 Июль (Теке) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

Динара (24. 10. 1942, Фрунзе – 4. 4. 1985, Мурманск, сөөгү Бишкек ш. коюлган) - кинорежиссёр, РСФСРдин иск-вого эмг. сиң. ишмери (1980). 1970-ж. ВГИКти бүткөн. 1960-62-ж. «Кыргызфильм» студиясында режиссёрдун ассистенти («Тянь-Шань кызы», «Аптап» фильмдерине); 1965-ж. «Ар кимдин өз жолу бар» фильминде аялдын образын жогорку деңгээлде аткарып, актёрдук талантын айгинелеген. 1974- жылдан Россиянын «Ленфильм» киностудиясында эмгектенген. 10 жыл ичинде 10 толук метраждуу көркөм фильм тартууга жетишкен. 1975-ж.
«Тоңкулдактын башы оорубайт», 1977-ж. «Башка бирөөгө берүүгө болбогон ачкыч» фильми Москвада, Италияда, Югославияда өткөн эл аралык фестивалдардын дипломдорун алган.
Булардан соң «Кырсык»
(1979), «Аял кетти» (1979), «Жараксыз» (1980), «Сен бирөөнү тандашың керек» (1981) фильмдери жаралды. 1983-ж. «Өспүрүмдөр» фильмин тартып, «Жылдын мыкты фильми» Бүткүл союздук конкурсунун жеңүүчүсү болгон ж-а СССР мамл. сыйлыгы ыйгарылган (1985, өлгөндөн кийин). 1970-ж. В. Г. Распутиндин «Рудольфио» кыска метраждуу фильмин экрандаштырган. «Балээ» (1978), ушул эле жылы

АСАНОВА 80.png


«Жаман кыз» телефильми, «Чырдын башы» аттуу курч проблемалуу, жаңы көз караштагы, кызыктуу фильмдери тартылган. «Садагам, кымбатым, сүйүктүүм, жалгызым» (1984) фильмине Канндагы эл аралык кинофестивалдын диплому ыйгарылган. А. ж-дө «Мен бардыгыңарды жакшы көрөм» (1957), «Динара» (1988) аттуу фильмдер чыгарылган. Бишкектеги бир көчөгө анын ысымы коюлган.
Ад.: Гукасян Ф. Г. Асанова. М., 1985; Aсанова Д. У меня нет времени говорить неправду: Дневниковые записи, режиссёрские заметки, статьи, интервью с Д. Асановой и воспоминания о ней. JI., 1989.