АРБУЗОВ Александр Ерминингельдович

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:19, 6 Июнь (Кулжа) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
Александр Ерминингельдович [30. 8

(11. 9). 1877, Казан губ., Арбузово-Баран айылы,- 22. 1. 1968, Казан ш.] – химик, СССР ИАнын акад. (1942); корр.-мүчө (1932), Соц. Эмг. Баатыры (1957). А. М. Зайцевдин окуучусу. 1900-ж. Казан ун-тин бүткөн. 1911-30-ж. ошол ун-ттин, 1930-жылдан Казандагы хим.-технол. ин-тунун проф., 1945-63-ж. СССР ИАнын Казандагы филиалынын председатели. Фосфорлуу к-та ж-а анын бирик мелеринин түзүлүшүн аныктаган. Фосфор орг. бирикмелерин синтездөөнүн бирден-бир негизги жолу болгон реакцияны (Арбузов реакциясы) ачкан. А. хим. катализ ж-а фосфорлуу к-танын диалкил эфирлеринин таутомерлерин изилдеген ж-а химиянын өнүгүшүнө баалуу эмгек сиңирген. Ийне жалбырактуу жыгачтардын чайырын изилдеп, чайырды коромжусуз жыйнап алуу техникасын иштеп чыккан. СССР мамл. сыйл. лауреаты (1943, 1947), беш Ленин ж. б. ордендер ж-а медалдар м-н сыйланган.