АНЬШАНЬ
Jump to navigation
Jump to search
– Кытайдын түн.-чыгышындагы
шаар. Ляонин провинциясынын аймагында.
Анынань д-нын (Ляохэ өрөөнү) боюнда, ЧыгышМаньчжурия тоосунуну этегинде, Шэньян адм.
борборунан 90 км түш.-батышта жайгашкан.
Калкы 1,2 млн (2010; агломерациясында 3,4 млн).
Шэньян – Далянь темир жолундагы жолдор тоому. 1911-ж. чейин анча чоң эмес кыштак. Темир кенин иштетүүнүн негизинде шаар болуп
өсүп чыкты. А-дагы металлургия комбинаты
Кытайдагы эң ири өнөр жай. Оор машина куруу, хим., цемент, нефть ажыратуу өнөр жайлары иштейт.