АНАНЬЕВ Константин Николаевич

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:21, 5 Май (Бугу) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
Константин Николаевич [14.7.1910-

ж. т., РФ, Симбирск (Ульяновск) ш. ] – байланыш системасынын новатору, Соц. Эмг. Баатыры (1956). А. 1933-жылдан Кырг-ндагы байланыш системасында иштеп, радиотехниктен Кыргыз ССР байланыш министринин орун басарына чейин көтөрүлгөн. Ал жетекчилик

АНАНЬЕВ 1 67.png

кылган Кырг-ндагы байланыш кызматкерлеринин тобу тоолуу жердеги радиореле магистралын кеңейтүүдө ж-а телекөрсөтүүнү жакшыртууда кыйла эмг. сиңирген. Топтун демилгеси м-н Советтер Союзунда 1-жолу телефон байланыштарын аба аркылуу жүргүзүү иши уюштурулган. Ленин ордени, Эмгек Кызыл Туу, Кызыл Жылдыз, 2 «Ардак Белгиси» ордендери ж-а медалдар м-н сыйланган.