АНДАБЕКОВ Эрназар
06:59, 5 Май (Бугу) 2022 карата 324-432>KadyrM тарабынан жасалган версия
Эрназар (1905, Жалал-Абад обл.,
Аксы р-ну, Кырк-Кечүү айылы – 1957, ошол эле
жерде) – малчы, Соц. Эмг.
Баатыры (1948). Колхозду
уюштурууга активдүү катышкан. 1937-жылдан Жаңы-Жол р-нундагы «Партизан» колхозунда жылкычы
болуп иштеген. Колхоздун
жылкы чарбасын өнүктүрүүдө ж-а анын кунардуулугун жогорулатууда зор ийгиликтерге жетишип, 1946-ж.
50 тубар бээден 50 кулун,
1947-ж. 56 тубар бээден 56 кулун алып, чыгашасыз асыраган. Ленин ордени м-н сыйланган.