АНДАБЕКОВ Сейитказы

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
06:59, 5 Май (Бугу) 2022 карата 324-432>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
Сейитказы (18. 10. 1925, Нарын

обл., Ат-Башы р-ну, Каракоюн өрөөнү, КараБулак кыштоосу – 23. 12. 2015, Бишкек ш.)– артист, Кыргыз ССР эл артисти (1984), Улуу Ата
Мекендик согуштун катышуучусу. 1946-жылдан Нарын обл. муз. драма театрында, 1949-ж. ал театр жабылып калганына байланыпггуу Ысык-Көл обл. драма театрында, 1961-жылдан

кайрадан Нарын обл. драма театрында иштейт. Образдарды жаратууда таа

АНДАБЕКОВ 1 81.png

сирдүү терендикти таап, жөнөкөй, жеткиликтүү бере билет. Аткарган негизги ролдору: Хуан Цуан (Ж. Турусбеков, «Ажал ордуна»), Аккан, Мамалак (К. Жантөшев, «Курманбек», «Шайтан кыз»), Кулан (К. Маликов, «Жаңыл»), Чиновник (Н. Гоголь, «Үйлөнүү»), Чаар солдат (В. Вишневский, «Огггимисттик трагедия»), Ташбалта (Г. Гулям, «Ташбалта ашык»), Жарас (М. Ауэзов, «Айман-Шолпан»), Мергенчи Мажит (Б. Өмүралиев, «Жаңырык»), Шүкүр балбан, Байков (Ж. Садыков, «Боз торгой», «ЖукеевПудовкин»), Чыныбай (Т. Абдымомунов, «Ашырбай»), Бобчинский (Н. Гоголь, «Текшерүүчү»), Токторбай (К. Мамбетакунов, «Үкөй»), Кожо Насирдин (В.В. Соловьев, «Кожо Насирдин»), Глостер (У. Шекспир, «Король Лир»), Сабыр (А. Жакшылыков, «Көкөй кести») ж. б. А. көптөгөн ролдорду аткаруу м-н бирге обончу-аткаруучулук өнөрүн да элге тартуулап, концерт берген. «Кыздарай», «Кылпылдама», «Сулуу кыз», «Акежан», «Беккара», «Там башында», «Карылардын дуэти» ж. б. тамашалуу ырларды К. Карасартова м-н бирдикте ырдайт. Ырбий дуэттерин чебер аткарып, кыргыз, казак, уйгур, өзбек элдеринин сүймөнчүлүгүнө ээ болгон. I даражадагы Ата Мекендик согуш ордени, III даражадагы «Манас» ордени ж-а медалдар м-н сыйланган.