АЛЫМБАЕВА Дамира Бейшекеевна
12:59, 4 Май (Бугу) 2022 карата 324-432>KadyrM тарабынан жасалган версия
Дамира Бейшекеевна(1953-ж. т.,
Нарын обл., Нарын ш.) – медицина илимд. доктору (1997), проф. (1998). КММИни (1977), СССР
МИАнын эксперименттик медицина ИИИнин аспирантурасын бүтүргөн (1984), КММИде клиникалык ординатор, жугуштуу оорулардын профилактикасы ж-а экологиясы КИИИнин лаборатория башчысы, жетектөөчү ил. кызматкер,
кафедрада ассистент. 1998-жылдан КММАнын
ж-а КРСУнун проф. Жугуштуу оорулар б-ча
адис. Ил. иштери хирург, гематологияда вирустун жугушуна арналган.