АК-ӨЛӨҢ устаканасы

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:14, 18 Апрель (Чын куран) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
– байыркы таш дооруна таандык таш курал жасоо «устаканасы». Ысык‑Көлдүн батыш тарабындагы Ак‑Өлөң айылынын түштүгүндөгү тоо этегинде жайгашкан. Борб. Азиядагы эң маа­нилүү археол. эстеликтердин бири. Байыркы адамдар порфирит деп аталган оттук таш те­гинен сапаттуу куралдарды жасашкан. Таш куралдар ж‑а иштетилген белгиси бар таштар­ды (артефакттар) жер үстүнөн көп кездеш­тирүүгө болот. Алар плейстоцен (муз каптоо) учурунда суу үйөрүнүн таасири м‑н кең аянт­тарга жайылган. Алгач археол. изилдөөлөрдү археолог М. Юнусалиев, кийин 2001‑ж. акаде­мик А. П. Деревянко жетектеген россия‑кыр­гыз экспедициясы жүргүзгөн.

К. Табалдиев.