АВТОМОБИЛЬ ЖОЛУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:37, 13 Январь (Үчтүн айы) 2022 карата v1e2_72-116>Kadyrm тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
‒  автомобилдердин үзгүлтүксүз, ыӊгайлуу ж-а коопсуз кыймылын камсыз кылуу үчүн ылайыкталган курулуштар комплекси. Эл аралык, чарбалык маанисине ж-а жол кыймылына жараша А. ж.: мамл., обл., р-ндук, айылдык ж. б. болуп бөлүнөт. А. ж-нун машина жүрүүчү бөлүгү жолдун негизги элементи болуп саналат. Анын бетине бышык курулуш материалдары төшөлөт. А. ж-нун өзөн, тереӊ коо ж. б. м-н кесилишкен жеринде жасалма көпүрө ж. б. курулуп,транспорт өтүүчү ири түтүктөр орнотулат, өткөөлдөр жасалат. Кыймылды жөнгө салуу үчүн А. ж-на жол белгилери ж-а көрсөткүчтөр коюлат. Улуу Ата Мекендик согуштан кийин Кырг-нда Фрунзе‒Рыбачье ‒Нарын‒Торугарт; Нарын‒Казарман; Ысык-Көл

дү айланта; Фрунзе‒Ош; Ош‒Хорог; Талас‒Жа мбыл ж. б. ири жолдор курулуп пайдаланы лууда. Азыркы күндө респ-кабызда мамл. ж-а жерг. маанидеги жолдун уз. 18800 кмден ашык (2005).