АЙЫП (адат укугу)
Jump to navigation
Jump to search
– адат укугу б‑ча кылмыш жасагандарга бийлер тарабынан чегерилген жазалардын бири. А. негизинен ар кыл кылмыштарда ар кандай өлчөмдө белгиленген. Адат укугу А‑ты жөнөкөй А. ж‑а тогуз А. деп бөлгөн. Жөнөкөй А. бир кара (жылкы же уй), тон (тон, ичик, чепкен, чапан), жандык (кой‑эчки) м‑н төлөнгөн. Айыпкердин малы болбосо, А‑тан каракүчү м‑н иштеп берип кутулган. Тогуз А. төө баштаган тогуз, жылкы баштаган тогуз, уй баштаган тогуз деп белгиленген. Айрым учурларда айыпкерге үч тогуз же андан да көп А. салынган. Мис., сарыбагыш уруусунун манабы Ниязбек уулу Ормон хандын «Ормон окуу» деген мыйзамында бирөөнү өлтүрсө «куну» – 300 жылкы, бөлөк бирөөнүн аялын ала качып кетсе -40 жылкы ж‑а уурулугу үчүн -9 жылкы өлчөмүндө А. салына тургандыгы көрсөтүлгөн. А. үч тараптын: жабыр тарткандын, манаптын (айрым учурда алар бийлер м‑н катар соттук милдеттерди аткарып, «бийлик» деп аталган салыкты төлөтүп алышкан) ж‑а ишти караган бийдин пайдасына өндүрүлгөн.
А . Кубатова.