АЙТКУЛОВА Айнек
Jump to navigation
Jump to search
Айнек (8.1.1919, азыркы Чүй обл., Жайыл р‑ну, Сары‑Коо айылы – 27.2.2001, Бишкек ш.) – тигүүчү, Соц. Эмг. Баатыры (1966). Эмгек жолун 1937‑ж. Фрунзедеги ВЛКСМ атн.
ф‑када тигүүчү болуп иштөөдөн баштап, 1943‑жылдан Октябрдын 40 жылдыгы атн. ф‑када мастер‑тигүүчү болуп уланткан. Анын агрегаты жети жылдык планды аткарып, пландан тышкары 100 миң сомдук мөөнөтүнөн мурда өндүрүм чыгарган. Кыргыз ССР Жогорку Советинин 2‑3‑шайланышынын депутаты. Ле нин, Октябрь Революциясы, «Ардак Белгиси» ордендери ж‑а медалдар м‑н сыйланган.