АЖЫБЕК баатыр
Токтобай уулу, Ажыбек баатыр(1800, Ат‑Башы жергеси – 1856, Какшаалдын Кулаган деген жери) – манап, 19‑к‑дын 1‑жа-
рымында черик уруусун башкарган. Атасы Токтобай белгилүү мүлүшкөр болгон. Анын уулдарынын баары тың чыгып (Жабагы, Смайыл, Ажыбек, Эшимбек), «Токтобайдын төрт кашкасы» аталган. А‑тин баатырдыгы элдик санжыра б‑ча Кокон хандыгынын аскерлери Көгарт ашуусун ашып, Арпа жайлоосу аркылуу АтБашыга уюштурган жортуулу учурунда көрүнөт (болжолу 1817‑18‑ж.). Бул жортуулдан 10– 12 ж. өткөн соң гана 1831‑ж. Хаккула миңбашы мындагы кыргыздарды жазалоо ж‑а Коконго каратуу максатында жаңы чапкын жасаган.
1830‑ж. Ат‑Башы өрөөнүндөгү Чекендинин талаасында, 1832‑ж. Аксайдагы Чычаардын бели м‑н Эшикарттын ортосунда (ал жер эл арасында «Ажыбектин чаар муруну» деп аталат) ко кон аскерлери м‑н кыргыздардын ортосунда салгылашуу болуп, А. баатыр душманга оор сокку урган. Мындай каршылыктарга карабастан, Хаккула миңбашынын жортуулунун натыйжа сында, Ички Теңир‑Тоодо Кокон хандыгынын үстөмдүгү орногон. Бирок көз каранды эместик үчүн кыймыл токтогон эмес. 1847‑ж. Кенесары
Касым уулу баштаган казактардын кыргыздарга жасаган чапкынында А. баатырга кыргыз колунун туусун көтөрүү (алып жүрүү) милдети жүктөлүп, салгылашууда чоң эрдик көрсөткөн. Ал Ормон хан м‑н үзөңгүлөш жүргөн адамдардан болгон. Кезинде Ормон хан А. м‑н куда бо луп, уулу Чаргынды баатырдын жакын тууганы Турдукенин кызына үйлөндүргөн. Анын ишмердигинин дагы бир багыты – Кашкар, Кулжа, Турпан ж. б. шаарларга кыргыз айылдарын аралап өткөн кербен жолун көзөмөлдөп, кербендерди тонотпой Кытайга жеткирип, алардан акы алуу м‑н элин баккан. Кашкардан билимдүү кожо‑молдолорду чакыртып, эл ичинде сабаттуулардын санын арбытууга, усталарды алдырып, кол өнөрчүлүктү өркүндөтүүгө кам көргөн. 2000‑ж. Ажыбек баатырдын 200 жылдыгы белгиленип, Ат‑Башыда эстелиги орнотулган.
Т. Өмүрбеков, Ы. Кадыров.