Алымбек Акылбек уулу

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:01, 20 Февраль (Бирдин айы) 2024 карата Турганбаев Элебай (Талкуулоо | салымдары) (Created page with "'''АЛЫМБЕК АКЫЛБЕК УУЛУ''' (1862, Чүй өрөөнү – 1930, Россия империясы, Пермь крайы, Орда кыштагы) – солт...") тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АЛЫМБЕК АКЫЛБЕК УУЛУ (1862, Чүй өрөөнү – 1930, Россия империясы, Пермь крайы, Орда кыштагы) – солто уруусунан чыккан атактуу манап, белгилүү санжырачы. Манасчы Балыкоозду 10 жашынан баштап угуп, көп сөздөрүн жаттап калган. Анын көзү өткөндөн кийин эсине сактап калганын анын уулу Тургунбек көчүрүп, аны 1947-ж. Кыргыз ССР ИАсынын кол жазмалар фондусуна өткөргөн жана ал кол жазмага 1981-жылы «Кыргыздардын келип чыгышы» деген шарттуу аталуу берилген. Анда Балыкоозго таандык «Отор хан» жомогу жана казак ханы (1771–1780) Абылайдын доорундагы кыргыз-казак мамилелери кеңири чагылдырылган. Тарыхчы Белек Солтоноевден айырмаланып, калмак доорунда кыргыздардын Талас, Чүйдү ээлеп калышы жана азыркы чек аранын түптөлүшү тууралуу так маалыматтарды камтыйт. Алымбек манаптын билимдүү-илимдүү (магрифат) адам экенин тарыхчы Осмонаалы Сыдык (Кыдык) да эскерип кеткен. Бир нече жылы Олуя-Ата уездинин Талкан болуштугунда  болуш (1890–1893), бий (1893–1896) болуп иштеген. 1927-жылы 29-июлдагы ОГПУнун Коллегиясынын Өзгөчө Кеңешинин токтому менен 3 жылга кесилип Урал губерниясынын Бөкөй уездине айдалган. Мөөнөтү аяктаганда ага Казакстан жана Орто Азияда турууга тыюу салынып, башка, каалаган жер таңдап жашоого уруксат берилген. 1930-жылы Пермь крайындагы Орда кыштагында кайтыш болуп, сөөгүн уулу Ашымбек көөмп келген. 1989-жылы 16-январдагы СССР Жогорку Советинин Президимунун Указынын негизинде жана 1991-жылы 1-ноябрдагы Кыргыз Республикасынын Прокурорунун корутундусу менен акталууга жаткан.

Ад.: Алымбектин санжырасы. Б., 2007; Акылбеков А., Алымбеков Т. Балыкооздун санжырасы. Б., 2009.