АРАЛАШ ЖЕР СЕМИРТКИЧ
АРАЛАШ ЖЕР СЕМИРТКИЧ – эки же андан көп сиңимдүү заты бар кошулма. Курамындагы негизги азык заттардын өз ара катышы (N: Р205: К20) ар түрдүү жер семирткич өсүмдүк жана топурактын түрүнө жараша ар башка болот. Чымдуу күл топурак, токой боз топурагы жана кара топурактуу жерде картошка, дан өсүмдүктөрү жана кант кызылчасына 11: 1,55: 1; жайында азот менен кошумча азыктандырылуучу жашылча жана силос өсүмдүктөрүнө, ошондой эле күздүк жана жаздык эгин, картошка, зыгырга 1:1,5:1,5; калийлүү топуракта өскөн көп өсүмдүктөргө 1:1:0; калий жетиштүү топурактагы пахтага айдоо мезгилинде жана себүү алдында, дан, жашылча жана техникалык өсүмдүктөрдү себүү алдында 1,5:2,5:0 жана 1:4:0; түрдүү өлчөмдөгү фосфат жана калийлүү топурактардын өсүмдүктөрү, кызылча, картошкага 1:1:1,5; чым көңдүү топурактагы чанактуу өсүмдүктөр үчүн, ошондой эле күздүк, жаздык эгин, жашылчага 0:1:1 жана 0:1:1,5 катышта чачылат. Аралаш жер семирткичти микроэлемент, гербицид кошуп даярдоого болот. Аралаш жер семирткич чубурма келип, чондугу бирдей болууга тийиш. Аны даярдоодо жер семирткич аралаштыруу эрежесин сактоо зарыл.