АНДРОПОВ Юрий Владимирович

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АНДРОПОВ Юрий Владимирович [2 (15). 6.1914, Ставрополь крайы, Нагут станицасы – 9. 2. 1984, Москва] – советтик мамлекеттик жана саясий ишмер; КПСС БКнын генералдык секретары (1982–84), СССР Жогорку Советинин президиумунун председатели (1983-жылдан). Социалисттик Эмгектин Баатыры (1974). 1940-44-жылдары Карелия ЛКЖС БКнын биринчи секретары, 1947-жылы Карелия КП БКнын 2-секретары, 1951–52-жылдары КПСС БКнын борбордук аппаратында эмгектенген.

АНДРОПОВ 89.png

1953–57-жылдары СССРдин Венгриядагы элчиси, 1957–62-жылдары КПСС БКнын бөлүм башчысы, 1962–67-жылдары КПСС БКнын секретары. 1967–82-жылдары СССР Мамлекеттик Коопсуздук комитетинин төрагасы, армиянын генералы (1976). 1973-жылдан КПСС БКнын Саясий бюросунун мүчөсү. Административдик ыкмалардын жардамы менен өлкөдөгү саясий-экономикалык кризисти, коррупцияны токтотууга аракеттенген. 4 Ленин, Кызыл Туу, 3 Эмгек Кызыл Туу ордендери менен сыйланган.