АНДРИАНОВ Кузьма

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
08:28, 25 Март (Жалган куран) 2024 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНДРИАНОВ Кузьма Андрианович [15 (28). 12. 1904, Твер губерниясы, Кондраково айылы – 13. 3. 1978, Москва] – орус химиги, СССР ИАнын академиги (1964; мүчө-корреспонденти 1953). Социалисттик Эмгектин Баатыры (1969). Москвадагы энергетика институтунун профессору (1946). Москва университетин бүткөндөн кийин (1930), Бүткүл союздук электр техникалык институтта (1929-54), Бүткүл союздук авиациация материалдар институтутунда (1946-53), СССР ИАнын элементорганикалык бирикмелер институтунда (1954-жылдан) жана Москвадагы кылдат химиялык технология институтунда иштеген. Анын негизги эмгеги кремний органикалык бирикмелердин химиясына жана синтездөөгө арналган. Ал органикалык эмес чынжырлуу молекуласы бар жаңы полимерлерди, кремний тетрохлоридин синтездөөнүн өнөр жайлык методун жана полиорганикалык металл силоксандарды (1947) синтездөөнүн негизги жолун иштеп чыккан. Андрианов СССР Мамлекеттик (1943,1946,1950, 1953) жана Ленин сыйлыктарынын (1962) лауреаты.

Эмг.: Высокомолекулярные кремнийорганнческне соединения. М., 1949. Кремнийорганические соединения. М., 1955. Полимеры с неорганическими главными цепями молекул. М., 1962.