АМОНАШВИЛИ ШАЛВА АЛЕКСАНДРОВИЧ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:40, 20 Март (Жалган куран) 2024 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АМОНАШВИЛИ Шалва Александрович (8. 5. 1937-жылы туулган, Тифлис) – грузин педагогу. Балдарды алты жаштан баштап мектеп шартында окутуунун демилгечиси. Башталгыч билим берүүнүн жалпы мазмунун, формаларын жана методдорун аныктоо багытында эксперимент жүргүзгөн жана анын натыйжаларын «Саламатсыңарбы, балдар!» (1983), «Алты жаштан мектепке» (1986), «Кандай өмүр кечирип жатасыңар, балдар?» (1986), «Педагогикалык процесстин инсан таламдуу негиздери» (1990) аттуу эмгектеринде корутундулаган. Ал мектептеги 5 баллдык системага, балдарды бири-бирине салыштырып кароо сыяктуу салттуу ыкмаларга тескери мамиледе болгон. Балдардын энергиясын жемиштүү иш-аракеттерге багыттоо боюнча педагогдор үчүн сунуш, кеңештерди иштеп чыккан. Ш. Амонашвилинин педагогикалык көз караштары, идеялары Кыргызстанда да кеңири белгилүү. Ал республиканын педагогикалык коомчулугунун өкүлдөрү менен тыгыз кызматташуу максатында бир нече жолу Кыргызстанга иш сапары менен келип, мугалимдер үчүн лекция, семинарларды өткөргөн, айрым аспиранттардын диссертациялык изилдөөлөрүнө жетекчилик кылган.