АЛЫМКУЛОВА Гүлшат

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:30, 24 -октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛЫМКУЛОВА Гүлшат (1921, Чүй облусу, Сокулук району, Белек айылы -2006, Бишкек) – врач-терапевт, “элдик врач”. Эл комиссариатынын фельдшердик окуу жайын (1938), КММИни (1948) бүтүргөн. Эмгек жолун Жалал-Абад облусунун Ала-Бука райондук амбулаториясында фельдшер болуп баштаган, 1939-42-жылдарда райондун саламаттык сактоо бөлүмүнүн башчысы болгон. 1948-жылдан Нарын шаарындагы медициналык окуу жайынын директору, 1949-жылдан Тянь-Шань облусунун райондук ооруканасында башкы врач. 1953-86-жылдары Фрунзе шаарындагы №1 клиникалык ооруканасында врач болуп иштеген. 1986-ж. ардактуу эс алууга чыккан. Анын иштеген иштеринин көрсөткүчтөрү жогору болуп, жылдан жылга өлүм саны азайган.