АЛТЫКЕЕВ Чотур

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:32, 20 Март (Жалган куран) 2024 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛТЫКЕЕВ Чотур (1905, Чүй облусу, Сокулук району – 1986, ошол эле жерде) – бадачы, СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1950). 1933-65-жылдары Сокулук районундагы Фрунзе атындагы совхоздо музоочу, уйчу жана бригадир болуп эмгектенген. Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу. Ал өз карамагындагы 120 инек уйдун кунардуулугун арттырып, бир нече жыл бою ар уйдан 3000 кгдан ашык сүт саап алган. Алатоо уюн чыгарууга катышкан. Ленин ордени менен сыйланган.