АЛМЕРЕКОВА Айнагүл Ашимбаевна

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:28, 20 Март (Жалган куран) 2024 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛМЕРЕКОВА Айнагүл Ашимбаевна (1938-жылы туулган, Ысык-Көл облусу, Түп району, Күрмөнтү кыштагы) ‒ гематолог, медицина илимдеринин доктору (1983), профессор (1998). КРдин илимге эмгек сиӊирген ишмери. КММИни (1962), анын аспирантурасын (1965) бүтүргөн. КММАнын клиникалык гемотология кафедрасында ассистент, улук илимий кызматкер, бөлүм башчы. 1977-жылдан кардиология жана терапия илимий борборунун лаборатория башчысы. Патофизиология, гематология боюнча адис. 100дөн ашык илимий эмгектери бар.