АЛ-ОМАРИ
АЛ-ОМАРИ [толук аты-жөнү Шихаб ад-Дин Ахмед ибн Йахйа ибн Фадлаллах ал-Омари (ал-Умари) ад-Димашки, 20. 06. 1301, Дамаск – 28. 02. 1349, ошол эле жер)] – араб тарыхчысы, географ, энциклопедист. Өзүнүн түпкү тегин ислам тарыхындагы 2-халиф Омар (Умар) ибн аль-Хаттабтан (585–644) тараткан. Ата-бабалары жүз жылга чукул мамлекеттик катчылыкты башкарып (катиби ас-сирр) келген. Атасы Ахмед дагы мамлюктардын 9-султаны ал-Малик ан-Насирдин (1285–1341) катчысы (катиб) болгондуктан, ал-Омари баштапкы билимин Египеттен алган. Өз заманында илимге өтө умтулган адам катары таанымал болгон. Атасы көз жумгандан кийин анын ордуна катчы болуп дайындалган жана кызматтык милдети боюнча мамлекеттик архивге кирүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Кийин ага мамлекеттик иш боюнча күнөө тагылып, түрмөгө камалган. Бошонгондон кийин 1340-жылы Дамаск шаарына көчүп келип, 1343-жылдын июнь айына чейин кайрадан катчы болуп иштеген. Изилдөөчүлөр анын 11ге жакын эмгегин көрсөтүшөт. Негизгилерине мамлюк султандарына арналган «ат-Та’риф би-аль-мусталах аш-шариф» (Жакшы ыкма менен кылдат таанышуу) жана «Масалик ал-абсар фи мамалик ал-амсар» (Мамлекеттердин ири борборлоруна алып баруучу жолдор) деген энциклопедиялык маанидеги эмгектери кирет. «Масалик ал-абсар фи мамалик ал-амсар» аттуу эмгеги айрым учурларда кыскартылган түрүндө «Ахбар ал-мүлк» (Падышалар тууралуу баян) деген башкача аталыш менен да белгилүү. Мазмуну боюнча эки бөлүмгө (кисм) бөлүнүп, биринчи бөлүмүндө аймактар, экинчисинде ал жерлерде жашаган элдер тууралуу баяндалат. Бул эмгектен орто кылымдардагы Алтын-Ордо мамлекети (1269–1459), ошондой эле Орто Азиянын тарыхына байланыштуу айрым маселелер, округдар, ири шаарлардын географиялык орду тууралуу баалуу маалыматтарды алууга болот. Мисалы, Орто Азияга байланыштуу Фергана округундагы Анжиян (Андекан), Ош (Уш); Түркстан округуна караштуу делген Женд, Жаркенд, Отрар, Сайрам, Берсакен, Кенжек, Тараз, Алмалык, Бешбалык, Карши, Хотен, Кашкар, Баласагын (Беласагун) жөнүндө айрым кабарлар кезигет. Бул эмгектин айрым үзүндүлөрү чыгыш таануучу, археолог В. Г. Тизенгаузендин (1825–1902) аракети менен орус тилинде 1884-жылы жарык көргөн.
Ад.: Сборник материалов, относящихся к истории Золотой орды, т. I, извлечения из сочинений арабских. СПб., 1884.