АККРА
Jump to navigation
Jump to search
АККРА – Гана Республикасынын борбору, өлкөдөгү эң чоң шаар. Калкы 2,3 млн (2018). Гвинея булуңундагы порт. Темир жана автомобиль жолдор тоому, эл аралык аэропорту бар. Өлкөнүн соода, өнөр жай жана маданий борбору. Металл иштетүү, текстиль, тактай тилүү, тамак‑аш өнөр жайлары; электр жабдууларын чыгаруучу завод иштейт. Кустардык жол менен алтын жана күмүш буюмдары жасалат. Алмаз жана какао‑буурчак сатуучу рынок. Университет, ИА, Улуттук, илим менен техника музейи бар. Аккра 16‑кылымда негизделген. 1876‑жылдан 1957‑ж. чейин Алтын жээктин резиденциясы, европалыктардын орто кылымдагы форту болгон.