АВТОГЕНЕЗ
14:22, 11 Август (Баш оона) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) (Temirkan moved page АВТОГЕН ЕЗ to АВТОГЕНЕЗ) тарабынан жасалган версия
АВТОГЕНЕЗ (авто жана генез) ‒ органикалык дүйнөнүн өнүгүү процессинде чөйрө фактору эч мааниге ээ болбостон, өзүндөгү ички мүмкүнчүлүктөрдүн негизинде жүрөт деп түшүндүргөн эволюциялык окуунун концепциясы. Ж. Б. Ламарктын градация, Г. Осборндун аристогенез, Э. Коптун батмогенез, Л. С. Бергдин номогенез, П. Тейяр де Шардендин руханий энергия ж. б. жөнүндөгү окуулары Автогенездик мүнөзгө ээ. Бул агымдын өкүлдөрү бул көрүнүштү эволюциялык паралеллизм жана конвергенция кубулуштары менен түшүндүрөт.